Туголбай казаков биография личная жизнь

Казаков Түгөлбай Токтогулович (28-май 1951, Көпүрө-Базар, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР) – кыргызстандык обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү (2007). Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүгкөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973-76), Каpaкол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1976-79), Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, башкы редактору (1979-92), 1990-ж. Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадио корпорациясынын төрагасы (1992-93), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993-96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005-07), Улуттук телерадио корпорациясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007-09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин республикалык конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүяүн катышуучусу. Т. Казаковдун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.
Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
1951-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу Рыспек Айдаралиев атындагы Көпүрө-Базар айылында туулган.(Өз эскерүүсүндө: Балалыгым Таластын баш жагындагы Көпүрө-Базар деген айылда өттү.Абасы,суусу да тап-таза.Бизден өйдө кийиктер эле жашайт.Тоолор бийик,жылдыздар жакын.Жылдын жарымы кыш.Ал кезде кар калын түшүп кыш узак болор эле.Кыш чилдесинде,январдын алгачкы түнү кыштоодо,боз үйдө төрөлүпмүн.Жылым койон,жылдызым-Текечер,дарагым-Пихта.)дейт Түгөлбай чоң атам.
Агасы – белгилүү адабият сынчысы, коомдук ишмер Аман Токтогулов.
Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
Үй бүлөөлүү.Жубайы Гүлсүнай
Учурда 1уул 2кыздын атасы жана тайтасы.
Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]
Түгөлбай Казаков 1960-80-жылдары кыргыз музыкасын калайыкка жакынкылып, заманбап обондуу ырларды жараткан айырмалуу обончулардын бири.
Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
Ал тууралуу ар кыл баалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Досу Акбар Рыскулов эскерет[оңдоо | булагын оңдоо]
Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков
Жашыл троллейбус
Кайсы бир кечте көчөдө катарлаш кобураша басып, анан троллейбуска түшкөнбүз. Жүргүнчүлөр жапырт бурулуп, негедир биз тарапты карап калгандай сезилген. Эмне болуп кетти? деп жүрөм ичимден.
Байкасам, журттун баары Түкөмдү жалт карайт турбайбы. Айрыкча ыр жандуу кыздардын мойну үзүлүп кетчүдөй. Ошондо троллейбус айдаган адам гана жолдон көзүн бура албай, бирок сүйүктүү ырчысына күзгүдөн суктанып баратса керек.
Баскан жолго баа берүү оңой эмес. Жаркын жылдар, жылдыздуу элестер көз алдыма шурудай чачырап, бир тизимге бирикпей турганы. Түкөм экөөбүз троллейбуска чогуу түшпөй калганыбыз качан!..
70-80-жылдар кыргыз улуттук обон тарыхында өзгөчө бир өнөгөлүү доор болду го. Рыспай, Сардарбек, Калыйбек, Аксуубайлардын көчүн улай чыккан Түгөлбай Казаков менен адеп комсомол съездинде таанышкам. Ысык-Көлдөн шайланган делегат менен маегим “Ленинчил жашта” жарыяланып, экөөбүздүн ортобузга көпүрө болгон. Кийин анын талапкерлиги дал ошол “Ленинчил жаштан” комсомол сыйлыгына көрсөтүлүп, лауреат атанган.
“Жакшынын шарапаты” дегендей, Түкөмдүн аркасында музыка дүйнөсүнүн чыгаан чыкмалары менен аралаштым, арбын тилек, көп кызыкка күбө болдум. Маэстро А.Жумакматов, төкмө акын Э.Турсуналиев баштаган С.Жумалиев, З.Үсөнбаев, А.Керимбаев сыяктуу таланттар менен аралаш-куралаш мамиле түздүм.
Жаштыктын бир жаркын кечинде Мукан Рыскулбековдун үйүндө Түкөм, Токон Эшпаев төртөөбүз чогулуп калганыбыз эмдигиче эсимде. Мукан маркум анда гитаранын кылдарын сыздатып, Токон токтобой ырдап, Түгөлбай кыякты боздотуп турган кезеңи. Шаңдуу кечтин шарданын мен да коштоп, колду кере шилтей ыр окугам. Өнөр сайыштын кызыгын ушундан билиңиз, убакыт кандай өткөнүн, таңдын кандай атканын төртөөбүз тең байкабай калыппыз.
Кызык, азыркы “жасалма жылдыздар” андагыдай жылдыздуу учурларды башынан кечире алар бекен? Нагыз жылдызга айлануу үчүн башкаларга жарыгыңды тегиз чачып туруу зарыл эмеспи.
Өнөр адамы өзү кубанганы бир тең, өңгөлөрдү кубантканы бир тең. Жекелеп “Мерседес” минбей, жашыл троллейбуска эл менен бирге түшүп жүргөн ошондогу жаш обончулар нагыз бактылуу муунбу деп кетем.
“”Насыйкат” кантип жазылган?
Көлдөн каттаган сайын Түкөм редакцияга кайрылып, чыгармачыл пикир алмашып, ысык ымалада болуп кеттик. Кайсы бир келишинде мага күтүүсүз сунуш айтты. Кандай дебейсизби?
Кадимки Карамолдо черткен “Насыйкатты” ырдасак дейт.
Адеп макул деп баш ийкеп койсом да, ал сунушка кантип киришип, кандай орундоону билбей жүрдүм.
Күү деген күү. Түпсүз, чексиз мухит сыяктуу. Күңгүрөнө күмбүрлөп, сырын ичке жашырып, купуясын ашырып чертилет. Ар ким ар кандай кабылдайт. Анан калса “Насыйкаттай” залкар күүгө эмне деген сөз жазып, кандай жан киргизүү керек? Тилсиз күүгө кантип тил бүтүрөм?
Арадан айлар өтө бергенден улам Түкөм менин абалымды түшүндү. Акынга шыкак керек. “Кыргызстан” мейманканасына жайгашкан экен, ошондо чакырды. Маңдай-тескей отуруп алып “Насыйкатты” угабыз. Колуна комуз кармап, шартылдата чертет. Кайра күүлөйт комузду. Анан “Насыйкатты” аккордеонго салып аткарат. Мага түшүнтүү үчүн домбурага салып иймейи да бар. Айтор, тажабай кайра башынан түшөт.
Бул көрүнүш бир эмес көп кайталанды. Шаарда экөөбүздүн тең туpaк-жайыбыз жок болгондуктан “Ленинчил жаштын” иш бөлмөсүндө, тааныш-билиштердин үйлөрүндө изденген күндөрүбүз арбын болду. Акыры менин кум куюлган кулагым ачылып, залкар күүнүн табышмактуу кайрыктары сезимде жаңыра баштаган сыяктуу: бу-бу, бу-бу…, бу-бу, бу-бу…
Бул тыбыштар жүрө-жүрө “Бул Насыйкат, бул Насыйкат” деген сөздөргө бирикти. Андан ары “Бул Насыйкат сага калган, бул Насыйкат мага калган” деген сүйлөмгө жалгашты. Кекилик кармаган баладай кытылдап сүйүнгөнүмдү айтпаңыз!
Түшүндүм. Толук аңдай элек болсом да “Насыйкат” үч бөлүмдөн турарын боолголоп түшүнө баштадым. Эпилог, пролог, анан албетте ортодогу негизги бөлүм. Кандай гана классикалык үлгү, кандай так композиция. Көөнө кыргыз күүлөрүндө классикалык музыканын, симфониянын мөлтүр башаты жаткан тура. “Насыйкат” ырдалат тура. Ушуну калт кетирбей байкаган Түкөмө баpaкелде!
Күүнүн кайрыктары кулагымда жаңыра баштаган күндөн тарта анын кириш жана корутунду бөлүмүнө сөздү тез эле жазгандай болдум сыңары.
Бирок негизги бөлүмдүн өзөгүн кайсы сюжет жана кандай окуя түзүүгө тийиш, эмнени баяндап, эмнени түркүк кылуу зарыл?
Түкөмдүн айтымына караганда, Карамолдо атабыз бул күүсүн черткенде тек гана “насыят күү” деп койчу экен. Музыкага тиешелүү китептерди өзүм да аңтарып көрүп, буга кошумча жарытылуу маалымат таба албай кыйналдым. Эмне кылуум керек?
Ар акын өз тажрыйбасына, көргөн-билгенине таянат. Мен дагы бала кезден уккан бир болумушка кайрылгым келди. Боом капчыгайынын ичинде Кыз-Күйөө делинген жер бар. Чоң атабыздын конушу андан алыс эмес болгондуктан Кыз-Күйөөнүн кайгылуу тарыхын эртелей эшиткем. Бирок канча тытмаласам да бул окуя негедир залкар күүнүн залкар жүгүн көтөрө албоочудай.
Албетте, “Насыйкаттын” өзөгүн жалпы улутка тиешелүү чоң тарыхый болумуш түзүүгө тийиш. Ошентип элдик санжырада кеңири таралган Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында да баяндалган Бугу-Эне жөнүндөгү уламышты залкар күүгө өзөк кылып алдым.
Бул санжырада өмүр менен өлүмдүн, үмүт менен күдүктүн кармашы жүрөт. Мүйүзүнө бешикти иле качкан Бугуну кара күчтөр кубалайт. Кара ниет күчтөрдү жалпылаштыра мен Жебе деп алдым. Бугу менен Жебенин кармашы кантип бүтүүгө тийиш? Жебени жеткирип койсоң элдин тукуму соолуйт. Жок, жеткирбей койсоң жөнөкөй жомокко окшошуп калат.
Ошондо мага “Манастан”, “Семетейден” калган элдик философия аян берип, көмөккө келди көрүнөт. Эң кыйчалыш кырдаалда “Эй! Жебе жетеби, жанып өтөбү?” деген суроодон кийин “Кайып болуп кет эми” деген ой кайыптан бүттүбү ырасы?!
Түкөм ырдап чыкты, ырдаганда да кандай! 70-жылдары “Насыйкат” таңды-кечке радио менен теледен түшпөй калды го…
Кетмен-Төбө жергесине сапар буйруп, экөөбүз райондун борбору Токтогулда катарлаш баратканбыз. Көчөдөгү радиодон “Насыйкат” жаңырат. БправолспррЧитайте также: Маша гайдар биография личная жизнь
изге бет маңдай туштан чыккан балпайган ак байбичеге баш ийкей сыпаа учураша өтө бердик.
– Айланайын, Түгөлбайсыңбы? – деп кайрылган байбиче бетинен өөп, алкышын айта баштады: – Өркөнүң өссүн! Өнөрүң өркүндөсүн ылайым! “Насыйкатың” жер жарып, дүбүртү катуу чыкты. Элге жакты. Күнү кечээ неберелүү болуп, атын сенин ырыңдан Насыйкат койдук!
“Баламдын аты сенин ырыңдан!” – өнөр ээсине мындан ашкан бата, мындан ашкан бакыт жок! Кадимки Карамолдо атабыз кастарлап черткен, досум Түгөлбай кайра жаңырткан “Насыйкатка” акын катары менин да тиешем болуп калганына ичимден ийип, сүйсүнүп турдум.
Ырасында, “Насыйкаттын” сөзү татаал. Ырдын муун сандары муунакталып, узарып же кыскарып, улам өзгөрүлө берет. Бир “аксакал музыковед” аны талдай келе, ырдын аягы так эмес, табышмактуу бүтүп калган деген пикир жазганын окугам. Мен муну тактоо эмес мактоо деп түшүнөм. Анткени, ар бир ырдын өз табышмагы, катылуу сыры болууга тийиш. Артынан сая кууган Жебеден кутулуу үчүн Марал кайып болуп кеткени – бул менин табылгам эмес, элдик философиянын туу чокусу.
Кыргыз күүлөрүн ырдап чыгууга башка композитор, ырчылар дагы аpaкет кылып көрүштү, бирок негедир максатка жетпеди. Менимче, ырдала турган күүнү табуу үчүн Түкөмдөй кылдат угуп, терең түшүнө билүү зарыл. Бул бир. Экинчиден, ошол күүлөргө жазылган тексттерде эч табышмак болбой, элди бир укканда тажатып коюп жүрбөсүн?
Түкөм мага “Насыйкатты” ырга салалы” деп кайрылганда, мынчалык ийгилик болот деп күткөн эмесмин. Кыргыз жергесинин туш таpaбында Насыйкат аттуу кыз балдар кызгалдактай кулпуруп чыга баштады. Менин өз иним дагы кызынын атын Насыйкат койгон.
(“Агым” гезити, 2011-жылдын 7-октябры).
Акбар Рыскул, акын
Чыгармаларынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Алтын балалык» с. Ж.Алыбаевдики
- «Элегия» с. О.Султановдуку
- «Жамгыр» с. Т.Казаковдуку
- «Сүйүү жазы» с. Р.Карагулованыкы
- «Гүлзарлар» с. К.Адамалиевдики
- «Эстелик» с. Т.Мамеевдики
- «Гүлдөр» с. И.Исаковдуку ж.б.
Дисктери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Арман (А.Токтогулов) – Кыргыз филармониясынын ырчылары ырдашат. Мелодия. Стерео 33, 1990. С 3029597.
- Сүйүү жазы, 1980.Махабат баяны, 1982.
Ноталуу китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Ырлар: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.
Ал тууралуу чыгармалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Ар кыл наамдары, сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]
Чыгарган обондорунун тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Обондору пайдаланылган кино тасмалардын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
- Казаков, Т. Эсимде. Бишкек: Учкун, 2011. ISBN 978-9967-439-77-1
- Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Олуттуу макалаларынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- https://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_politics/2201548.html
- https://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_politics/2295337.html
- https://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_islam_tradition_discussion_opinions/24249068.html
- https://kmb3.kloop.kg/?p=7942 – Сулайман Рысбаевдин макаласы
Ар бир элдин мактанар, сыймык тутуп өнөрүн сүйөр таланттары болот. Бизде андай арбын арыш керген таланттарыбыз четтен чыгат. Дал ошол өнөр көрөӊгөсү көкүрөгүнө нуска болуп кыттай уюп калган, көп тараптуу Түгөлбай Казаков агайыбыздын бейнесине үӊүлөлү.
– Түгөлбай агай, сиздин чыгармачылыкка болгон ышкыӊыз тээ балалыгыӊыздан башталганын айтып жүрөсүз. Атактуулукка карай жолуӊуз ошондо эле башталган экен да?
– Ал кезде атакты ким ойлоптур? Айылыбыздын аты чыкса деген тилек менен жазчубуз. Бизден улуулардын макала, ырлары гезитке чыгат да, анан алардын жолун уласак дейбиз. Макалаӊ чыкса аябай сүйүнөсүӊ. Мен “Известия” гезитине алгачкы куш кабарым чыкканда укмуш эле болгом. Ананчы, өзүм орусча билбесем, макалам Москвадан орус тилинде чыгып жатса…
– Орусча билбесеӊиз кантип жаздыӊыз анан?
– Ал кезде райондук гезит эки тилде чыкчу. Чыккан макалабыз орус тилине да которулуп басылчу экен. Орусча окубасак аны кайдан билмек элек? Бир агайым “орусчасын кайра көчүрүп, тээ Москвадагы “Правда”, “Известия”, “Труд” деген гезиттерге салып жиберсеӊ, чыгар бекен” деп даректерин берген. Салып жиберсем чыгып кетип жатпайбы!
– Обологон обондор көкүрөктү качан кытыгылай баштаган?
– Обон чыгаруу далалаты мектепте, 8-класста окуп жүргөндө башталган. Райондук гезитке Байдылда Сарногоевдин “Колхоз кызы Жаӊылга” деген ыры чыккан. Мен ары жок ага обон чыгарып ийип, аным ар кайсы обонго окшошуп турганына каpaбай эл алдына аӊылдап коё берерде, “Ой, бу кайсы Жаӊыл?! Кимдин кызына арнадыӊ эле, ыя?” деген суpaк башталганда Кудай мага эс берип, тизгинимди тартып алгам. Ошондон кийин “Алтын балалыкка” чейин обон тууралуу ооз ачкан жокмун. Чыгармачылыкта ар кимди туурап тамтаӊдаган кез болот. Аны бири ачык айтса, бири асмaндан түшө калгансып жашырат. Ар бир адам ал кезден өтүш керек экен.
– Өзүӊүзгө журналистика жакынбы же обончу-ырчылыкпы?
– Обон, ыр, поэзия, проза, котормо, журналистика, кыскасы, чыгармачылыктын бардык багыттары адамдагы көркөм дүйнөнү түрлөнтүп чагылдыруучу эстетикалык каражаттар эмеспи. Булардын кайсынысын беттесе да адам ошондон ырахат алып, майнап чыгарса, анда өмүрү текке кетпейт. Эргүү бардыгында бар. Кеп анын сага кандайы келгенинде. Обу жогу келип алса, анда элге шылдыӊ болосуӊ.
– Атактуулуктан эмне таптыӊыз?
– Атак-даӊк сыртынан жайдаӊдап таманыӊа май сүйкөп турганы менен, түпкүлүгүндө акыл-эсиӊди тумaндатып, душманыӊды көбөйтүп, нугуӊдан чыгарып, жеӊил-желпи кишини жээктен алыс ыргыта турган кургурлар. Аты чыккан кишинин жолу бир топ эле татаал болот экен. Аны көтөргөн бар, көтөрө албай көйгапка кеткендер бар. Антпешке чоӊ акыл керек. Кечээки досуӊ бүгүн сага көр казып жаткан болот. Тааныбаган эле бирөөлөр кас душманга айланат. Себебин билбеген бойдон каласыӊ. Кыскасы, агын да, карасын да көрдүм. Эӊ эле көӊүлдү кайт кылганы – өз кишиӊдин көрө албастыгы. Эми материалдык байлык жөнүндө айтсам, силерге жалган, мага чын, биздин муундан аты чыккандардын көбүнүн аты улук, супарасы курук. Тээ Атай, Муса, Мыскалдардан бизге чейинкилердин арасында бай обончу болгон деп уктуӊар беле? Мисалы, мен 1980-жылы 2 саат 40 мүнөттөн турган жеке концертимди бердим. Сахнада менден башка эч ким болгон жок. Аккордеон экөөбүз үч күн бою кара терге түшүп турдук. Ошондо мага 4 сом 50 тыйын төлөштү. Ал акчага ошол кезде бир бөтөлкө аpaк келчү. Популярдуулугум апогeйинде турган кезди айтып жатам. Анан кайдан материалдык байлык топтойт элем?
Кийин кайра куруу мезгилинде Асанкалый экөөбүз бир аз концерт койдук. Ошондо деле эки киши чыгасыӊбы, эки жүз киши чыгасыӊбы, концерттен түшкөн таза кирешенин 30 пайызын гана берчү. Азыр 30 пайызын берем деп чакырсаӊ бир да ырчы жеке концертин койбойт. Мунун баарын аки-чүкүсүнө чейин эмнеге айтып жатам? Биздин элде атактуунун баары бай деген түшүнүк бар экен. Мен өмүр бою айлык менен жашадым. Короо толо малыӊ, күргүштөгөн бизнесиӊ, нарктуу акцияларыӊ, жеке ишканаларыӊ болбосо байлык кайдан келмек эле? Же Эстебес ага айткандай, эл бизди арыктын жээгинен акча терип жүрөт деп ойлойбу? Тоолуктардын “Жыйырмага чейин күчү жоктон күч суpaба, отузга чейин акылы жоктон акыл суpaба, кыркка чейин байлыгы жоктон акча суpaба” деген кеби бар эмеспи. Алтымыштан кийин кайдагы байлык?!
– Өзүӊүз эле өргө карай оргуштап чыгып кеттим десеӊиз жаӊылыштык болор. Сизге ким жол көрсөттү, жардам берди?
– Жолго салган, өмүр бою кеп-кеӊешин берген апам менен эки агам болду. Өнөргө тарткандар 60-жылдардагы керемет обончулар. Музыка дүйнөсүнө өтө кылдаттык менен алып кирген Алаев деген агайым. Маданият тармагындагы жолумду көзөмөлдөгөндөр Акун Токтосартов менен Мелис Шаршенбаев. Тогуз жолдун тоомунда жер муштатып саясатка алып кирген Мелис Эшимканов болду.
– Бизде бир жаман касиет бар, жакшыны буттан чалган…
– Ээ, иним, эмнесин айтасыӊ. Андайлар учурунда да болгон, азыр да болуп жатат. Ичи тарлар тирүү турганда бул адат калбайт. Ошондуктан кийинки муунга айтар элем, кекчил, ичи тар, ыплас, ичкичтерге эгерим жакын жолобогула. Кекчили сенден кетпесе деле бир күнү союп түшөт. Ичи тары өзүнөн өйдө чыгарбаш үчүн сага кылбаганды кылат. Ыплас адамды киши экен деп сыйласаӊ төрүӊө кусуп кетет. Булар ырыстуу дасторкондо кеп кылбай тургандар.
– Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты албай калышыӊызга да ушундай түркөйлүк сапатыбыз кедергисин тийгиздиби деп турам…
– Бул жолу берилбей калды деп кейибейм. Казактарда Мукагалы Макатаев деген мыкты акын болгон. Көзү тирүүсүндө бааланбай жүрүп, 1976-жылы 45 жашында каза болуп калган. 24 жылдан кийин ага Абай атындагы мамлекеттик сыйлык берилди. Район, айыл, көчөлөргө аты коюлду. “Мукагалы” деген журнал чыгат. Мукагалы атындагы адабий сыйлык бар. Бирок ал булардын бирин да көрбөй кетти. Ал басынып жүргөн кезде минтип жазыптыр:
“Эмне жетсин тирүүлүктө көргөнгө?
Тек өмүрүм өтпөсө экен шерменде.
Не жини бар?
Бакыт мени көргөндө,
Кетет үркүп, эми жете бергенде”.
Ага жан талаша бут тоскондордун бири өзүнүн эбактан берки жолдошу экен. Ал Мукагалыга келип жойпуланып, мындай чыгып, анын көрүн казып, анын душмaндарына кошомат кылып сыйлык-пыйлык алып жүргөнү Мукаӊа жетип калган экен.
“Ары таза дечү элем, жаны жакшы,
Калган көӊүл кантейин, наалымакчы.
Кайда барып, кайраным, жарымаксыӊ?
Сүт издеген түрткүнчөк ак улаксыӊ.
Калемиӊдей учтай бер жагынганды,
Жагындыӊ да, жалындыӊ, багыӊ жанды.
Таӊдандыра билбеген башкаларды,
Таасын билет башкага табынганды”.
Муну жакында Алматыда казак досторум Мукагалынын китебин берип жатып айтып беришти эле. Эмне дейбиз? Казактарда мамлекеттик сыйлык жалпы чыгармачылыкка берилет. Бизде болсо акыркы жаӊылыктарга берилет турбайбы. Ушул күндөрдө жолуккан комиссиянын мүчөлөрү “добушубузду сага бергенбиз, бирок аз болуп калдык” дешет, акылдашып алгандай. Минткендердин саны он бештен ашып кетти. Анан ойлоп коём, комиссия 24 кишиден турса, 70 пайызы мага добуш берсе, демек, добушту санагандар жайлаган экен да. Муну угуп алып бир юрист таанышым “сотко бербейсиӊби, комиссия мүчөлөрүнүн ар бирин сураганда алардын чыныгы жүзүн көрөсүӊ” дейт. Чынында эле жободогу түшүнүксүз нормалар менен процедypaлык чала иштерди сотто териштирсе, анан ошол жерден чыгармаларымдын эмне себептен татыксыз экенине ар биринин аргументин уксам дейм. Бул процесстин пайдасы кийинкилерге тиет эле.
– Эми жаш кезге кайрылалы, кыздарды кандай сүйчү элеӊиздер?
– Кандай болмок эле, жолугушууга барчубуз. Анан биздин тилибиз каякадыр тартылып кетчү да, дудуктардай болуп үн жок, сөз жок, колун кармагандан коркуп, башыбыздан түтүн чыккыча ойлонсок да сөз баштай албай басып кете берет элек. Эӊ эле чечендери “күн сууп калды, ээ?” десе берки “ии” деп, ошону менен сөз бүтчү.
– Күчтүү эркектин артында сөзсүз мыкты, акылдуу аял турат деп коёт. Жеӊебиз менен кайдан, кантип табышып калгансыздар?
– Күчтүү эркек, күчтүү аял дегенге анча түшүнө бербейм. Анткени кыйын, күчтүү дегендериӊ деле кайсы бир жерде сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп калат экен. Ошондуктан күчтүү-мүчтүүсү жок эле, бир мүнөз болгон дуруспу дейм. Үй-бүлөдө болсо күчтүн кереги жок. Эгер жылдызы келишпесе, анда бакытты байласаӊ да турбайт. Биз жубайым экөөбүз бир институтта окуп, таанышып, баш кошконбуз. Акылдашып оокат кылгандарга киребиз. Жеӊеӊер чыгармачылыгымды дайыма колдоп келди.
– Кызыктуу маегиӊизге рахмат! Эл ичинде эсен жүрүӊүз.
“Шайлообек редакцияларга барып, “Түгөлбай илгери “Жамгыр төктүнү” жазып коюптур, ошого эле сыйлыкты беребизби?” деп кыйкырып жүрбөйбү. Шакеӊдин Токтогул сыйлыгын алган “Эки дөөнүн кармашы” чыгырмасынын идеясын мен айтып жаздыргам”.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg
“Супер-Инфо” гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Ирина Мазурук — женщина, чье имя можно встретить, читая биографии многих известных представителей советской и российской интеллигенции. При этом информация о ней самой крайне скудна, хотя, по словам кри......
18 09 2026 21:25:12
Савелий Крамаров — биография У этого актера нет ни одной главной роли, но он все равно был любимцем целой страны. У него не было вредных привычек, но причиной cмepти стал paк, который всегда вызывал в......
17 09 2026 21:57:39
Биография Миколас Эдмунтас Орбакас - российский артист литовского происхождения, выступает в цирковом жанре. Первый супруг Аллы Пугачевой, отец певицы Кристины Орбакайте.Родился будущи......
16 09 2026 9:19:52
Биография Биография Людмилы Марченко – это готовый сценарий увлекательной мелодрамы. Здесь есть всё, что требуется для жанра: несчастная любовь, яркий взлёт к вершинам славы, интриги, сп......
15 09 2026 17:34:14
Биография Эльвиры Болговой Эльвира Алексеевна Болгова – успешная российская актриса, имя которой стало популярным после выхода в 1998 фильма «Тесты для настоящих мужчин». Затем, роль за ролью, она раскрывала свой неи......
14 09 2026 12:24:53
Биография Насти Каменских Настя – сногсшибательно красивая обладательница яркого, чистого вокала, участница популярного на Украине и за ее пределами дуэта «Потап и Настя». Девушка не раз была признана самой красиво......
13 09 2026 23:19:34
Разлучница, содержанка, залетка, негодяйка, шлюха… Как только не называют пассию супруга-гулены ревнивые жены. Обида, боль предательства, гнев толкают порой делать необдуманные поступки, чем вредят своей репута......
12 09 2026 8:32:48
Биография Имя Ильи Древнова чаще упоминается в связи с Марией Порошиной, мужем которой он был на протяжении 17 лет. Но и собственная творческая биография актера также привлекает внимание телезрителей и театралов. Множество ярких р......
11 09 2026 18:56:23
Биография Судьба Николая Иванова сложилась так, что личная жизнь сильно сказалась на профессиональной, путь актера на вершину киноолимпа получился извилистым и ухабистым. Николаю пришлось доказывать, в первую очередь самому себе, что он ......
09 09 2026 1:54:44
Татьяна Арнтгольц – успешная актриса, которую любят миллионы телезрителей. Каждый фильм с ее участием – это отдельная история, которую хочется пересмотреть потом не один раз. И даже если это сериал, его надо досмотреть до конца......
08 09 2026 23:42:24
Всероссийскую славу Утесову принес вышедший в 1934 году фильм «Веселые ребята», где артист сыграл главную роль.Фото: кадр из фильмаВо всех официальных биографиях первого советского джазмена Леонида Утесова указано, что у него не осталось прямых потомков. Его единств......
07 09 2026 17:32:57
Сонник Смех бывшего мужа приснилось, к чему снится во сне Смех бывшего мужа? Для выбора толкования сна введите ключевое слово из вашего сновидения в поисковую форму или нажмите на начальную букву х......
06 09 2026 16:16:25
Рождение ребенка в семье у бывшего мужа может стать причиной сильного стресса в жизни женщины. Психологи уверены, что интенсивность подобного переживания основывается на эмоциональной зависимости, ненависти и зависти, которые она испытывает по отнош......
05 09 2026 2:32:15
Биография Подростком Андрей Барило едва не погиб, управляя безмоторным планером. Сейчас актеру хватает адреналина на сцене и в кадре, хотя внешне его герои сдержанные и даже холодные, в большинстве своем отрицательные. ......
04 09 2026 22:49:33
Популярный телеведущий, который по праву считается одним из самых известных и запоминающихся телеведущих нашего времени Александр Гордон всегда придерживается своей жесткой позиции и всегда имеет свой собственный взгляд на ве......
03 09 2026 19:57:14
Развод давно позади, а прошлые отношения не отпускают. Возникают сомнения в правильности принятого решения, гнетут старые обиды. Редко снится бывший муж к положительным переменам, чаще такая грёза несёт негатив. К чему снится бывший муж Психологи, провидцы и ......
02 09 2026 4:40:56
Филипп Киркоров — биография Он имеет восемь премий «Овация», пять наград «Word Music Awards», как самый известный российский исполнитель. Кроме этого много раз награждался «Золотым граммофоном», «Серебряной калошей» и «Стопудовым хитом», участвов......
31 08 2026 9:11:57
Встречаясь с парнем, каждая дeвyшка пытается хотя бы примерно представить, каким он будет мужем. Интересно, ведь правда? Но конфетно-букетный период и совместный быт — вещи слишком уж разные. Поскольку этот вопрос волнуе......
30 08 2026 21:41:14
Биография Замечательный актёр и режиссёр Михаил Михайлович Козаков родился в Ленинграде в октябре 1934 года. Он воспитывался в интеллигентной семье, где работа родителей была......
29 08 2026 4:50:11
Регалии Кот Ге opгия Васильевича: - Мастер международного класса - Генеральный директор «Международной Академии красоты «Ге opгий Кот» - Член всемирной организации ОМС - Судья международного класса -......
28 08 2026 2:20:22
Юлия Дюльдина Юлия Анатольевна Дюльдина. Родилась 28 мая 1983 года в Новосибирске. Российская актриса театра и кино, телеведущая, модель. Юлия Дюльдина родилась 28 мая 1983 года в Но......
27 08 2026 17:11:47
Актер Станислав Бондаренко – один из самых красивых мужчин российского кинематографа. Казалось бы, с такой яркой внешностью и харизмой он завзятый ловелас, но нет. Станислав примерный семьянин и отец троих детей.Станиславу Бонда......
26 08 2026 16:13:21
Биография Анна Миклош — воплощение красоты, искренности и женственности. Те, кто ее знает лично, говорят о железном хаpaктере и способности «пахать как лошадь». Касается это и спортзала, и съемочной площадки. Актриса же говорит, что до сих......
25 08 2026 1:26:18
Биография Денис Майданов – музыкальный исполнитель, композитор и продюсер, сольная карьера которого стартовала с хита «Вечная любовь». Неоднократно удостаивался премий «Золотой граммофон» «Песня года», «Шансон года».Де......
23 08 2026 17:53:40
Текущая версия страницы пока не проверялась опытными участниками и может значительно отличаться от версии, проверенной 26 августа 2015; проверки требуют 19 правок. В Википедии есть статьи о других людях с фамилиями Лещенко и Белоусова. Ве́ра Гео́ргиевна Ле́щен......
22 08 2026 13:45:21
3.9 Имя: Яна Гладких (Yana Gladkih) Отчество: Юрьевна День рождения: 28 февраля 1......
21 08 2026 5:28:40
В последнее время лицо певицы выглядит сильно опухшим. Друзья подозревают, что она много пьет. Фото: Канал «Россия 1»Хиты Татьяны Овсиенко «Женское счастье», «Колечко», «Школьная пора» и по сей день часто крут......
20 08 2026 9:55:27
Представительницы слабого пола тоже изменяют своим вторым половинкам, но они настолько хороши в поддержании двойной жизни, что зачастую отличить неверную супругу от верной почти невозможно. Женщины могут настолько искусно скрывать свои следы, что мужь......
19 08 2026 18:37:20
Когда прошло некоторое время с тех пор, как вы и ваш бывший расстались, может быть действительно неловким моментом для вас обоих встреча с ним публично. В такой ситуации могут всплыть определенные нюансы .........
18 08 2026 19:38:24
Сегодня развод, это явление не из редких. Если просмотреть статистику, то инициатором развода часто является муж. Из-за того, что женщина более эмоциональная натура, развод пережить ей довольно сложно. Особенно, если мужчина любимый. Это сложный период её жизни. И поэтому,......
17 08 2026 9:30:37
Биография Марина Могилевская – очаровательная брюнетка с ясным внимательным взглядом и чарующей улыбкой, которая часто появляется в российских фильмах и телесериалах. Актриса Марин......
16 08 2026 15:18:16
Ксения Качалина Ксения Михайловна Качалина (настоящее имя - Оксана). Родилась 3 мая 1971 года в Саратове. Советская и российская киноактриса. Четвертая жена актера Михаила Ефремова. Оксана Качалина,......
15 08 2026 22:46:10
Марина Неелова с дочерью Никой. (Фото: GLOBAL LOOK PRESS)Ника — дочь Марины Неёловой уже в 3 года знала, что не хочет быть актрисой как мама. Тем не менее, с раннего детства стремилась заниматься каким-то искусством.Свою жизненную позицию дeвyшка......
14 08 2026 6:41:35
Катя Жужа и Артем МаркеловПо одним данным настоящая фамилия Кати — Сюсюренко. Согласитесь, звучит не так привлекательно, как Жужа, да и запоминается значительно хуже. Девушка сразу поняла, что с таким ......
13 08 2026 14:17:43
Сонник Бить бывшего мужа приснилось, к чему снится во сне Бить бывшего мужа? Для выбора толкования сна введите ключевое слово из вашего сновидения в поисковую форму или нажмите на начальную букву хаpaктеризующего сон образа (если вы хотите по......
12 08 2026 1:38:35
Телеведущий Павел Воля и прославленная гимнастка Ляйсан Утяшева являются пожалуй одной из самых крепких пар отечественного шоу-бизнеса.Брутальный артист и очаровательная спортсменка вместе уже восемь лет. Они работают и......
11 08 2026 2:35:39
Галина Викторовна: Развелась с мужем официально 15 декабря 2017 г., вместе не живём с июля. У нас есть дочь, которой будет 4 годика. Бывший муж подал заявление в суд на порядок общения с ребёнком. И вот пришло "Опреде......
10 08 2026 16:45:48
Счастливый некогда бpaк Дмитрий Тарасов и Ольга Бузова все-таки распался – об этом свидетельствуют многочисленные телепередачи и статьи в интернете. Счастливая пара, одаривавшая поклонников постоянными лучез......
09 08 2026 10:45:30
Знаю, дeвoчки, звучит это глупо. Но я завидую пассии своего бывшего. Развелись с ним по глупости. Развод был тяжелый, сходились- расходились. Не хотела его отпускать. Понимала, что такого как он не......
08 08 2026 6:46:16
Биография Благодаря хаpaктерной внешности Кириллу Полухину чаще всего предлагают роли полицейских, военных, бизнесменов или криминальных авторитетов. А в обычной жизни он добрый и отзывчивый чело......
07 08 2026 6:43:16
Эта женщина завораживает своей простой и натуральной красотой. Без помощи пластического вмешательства она выглядит в свои 42 года просто великолепно.Корни актрисы существенно повлияли и на ее внешность и на ее хаpaктер. Можно сказать, что......
06 08 2026 22:33:47
Хочешь жить счастливо с мужем - измени себя. Как изменить свою жизнь? Многие дeвyшки выходят замуж и уже через несколько лет семейной жизни начинают жаловаться на свою вторую п......
05 08 2026 3:52:59
Биография Александра Олешко Детство Александра Олешко Саша родился в Кишинёве. С детства ему нравилось всё, что было связано с выступлениями, мальчик всем говорил, что будет артистом. А когда пошёл ......
03 08 2026 1:55:49
Надежда Бабкина не живет с молодым мужемФото: СОЦСЕТИНадежда Бабкина крайне редко дает интервью, а уж о личной жизни и вовсе молчит. Она 17 лет счастлива со своим возлюбленным Евгением Гором. Они вместе путешествуют и выходят в свет. Однако недавнее признание певицы......
01 08 2026 13:46:42
Написать сообщение ПодписатьсяДоброго Времени суток, Дорогие Друзья!Сегодня я расскажу Вам пошагово порядок действий для взыскания алиментов на содержание несовершеннолетних детей через суд.Проблема довол......
31 07 2026 18:45:34
Еще:
Подробности -1 :: Подробности -2 :: Подробности -3 :: Подробности -4 ::





Как лечить сыпь на руках в виде прыщиков
Эффективное лечение розового лишая